УКМК жана Баш прокурор орун басары дайындалды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар жарлыктарга кол койду. Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Асылбек Кожобеков Президенттин кеңешчиси болуп иштеген.
Ал эми Рустам Мамасадыков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Жамиля Жаманбаева Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.
Людмила Усманова берген арызынын негизинде Башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!