Президенттин Оштогу өкүлү төрт эм ымыркайга 100 миң сом сүйүнчү берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-майда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди.

Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм ( эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн. Учурда ымыркайлардын жана энесинин абалы жакшы жана үйүнө чыгарылды.

Алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты