Ош шаарында төрт эм төрөлдү
- 2 года мурун
Ош шаарында төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын Фейсбук баракчасына жарыяланды.
Жаш үй-бүлө азыр алты балалуу болуп калды. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 2-майда Ош шаарынын тарыхында, биринчи жолу төрт эм төрөлдү. Пландуу түрдө операцияга алынган 32 жаштагы эне кесарева жолу менен 2 кыз, 2 уулдуу болду.
«Бүгүнкү күндө эненин жана наристелердин абалдары жакшы, ден соолук көрсөткүчтөрү туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эне наристелери менен үйгө чыгарылууга даярдалууда”, — деп билдирет мекеменин жетекчиси Талант Арстанкулов. Жаш үй-бүлө Нариман айыл өкмөтүнүн Нурдор айылынын жашайт.
Муну бөлүшүү