Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрация 16-августта кабарлады. Жарлыкка ылайык, биринчи Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтмөкчү. 

Социалдык тармактарда президенттин бул демилгесин колдогондор менен катар аталган жарлык Баш мыйзамга каршы келерин айтып, нааразычылыгын билдиргендер дагы болууда. 

«ПолитКлиника” медиасы президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы чындап эле Баш мыйзамга каршы келер-келбесин текшерип көрдү. 

Элдик курултай жөнүндө Баш мыйзамда эмнелер каралган?

Элдик курултай институту жөнүндө 2021-жылы 11-апрелде кабыл алынган Конституциянын 7-беренесинде жазылган. Анда Элдик курултай коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын экени, ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берери белгиленген. Аталган беренеге ылайык, Элдик курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат. 

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Бирок Конституцияда Элдик курултайдын ишмердүүлүгү жөнүндө гана жазылып, кандай шартта жана ким тарабынан уюштурулары тууралуу жазылган эмес. 

Конституциянын 70-беренесинде президенттин ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Аталган берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда президент өзүнүн демилгеси же Жогорку Кеңештин, Элдик курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошото алары; 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда элге, Жогорку Кеңешке, Элдик курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасары; 6-пунктунда Жогорку Кеңештин жана Элдик курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу экени жазылган. 

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Мындан тышкары, Баш мыйзамдын 81-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда Жогорку Кеңештин төрагасы Жогорку Кеңештин президент, Элдик курултай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылары жазылган. 

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

85-беренеде Элдик курултай мыйзам демилгелөө укугуна ээ экени көрсөтүлгөн.

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Конституциянын 96-беренесинде сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөрү жазылган.

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Жогорку Кеңеш четке каккан “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору

Ушул жылдын 17-майында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган эмес. 

Мыйзам долбоорун президенттин жарлыгы менен 11 адамдан турган жумушчу топ иштеп чыккан. 

Ага ылайык, Кыргызстанда төрт деңгээлде: айылдык, райондук, облустук (Ошто жана Бишкекте шаардык) жана Элдик курултай өткөрүлөт.

Элдик курултайдын курамына ар бир айылдан бирден, калкы 30 миңден ашкан шаарлардан экиден, Ош шаарынан 10 делегат, жаңы конуштардан бештен, Бишкектен 20 делегат жана борбордун жаңы конуштарынан 20дан делегат, “Кыргыз эл биримдиги” уюмунан 40, Кыргызстан элдеринин ассамбеясынан 30, чыгармачыл союздардан 8, Профсоюз уюмунан 10, илимий жана билим берүү тармагынан 10дон, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 делегат кирет.

21 жашка чыккан Кыргызстандын жарандары Элдик курултайдын делегаты боло алат. Алар үч жылга шайланат. Мамлекеттик кызматкерлер менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңешинин депутаттары делегат боло албайт. 

Мыйзам долбоорунда Элдик курултай мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча бийликке сунуштарды бере алары жазылган. Ошондой эле Курултайдын мүчөлөрү президенттин кайрылуусун, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана премьер-министрдин баяндамаларын угат. Өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алат жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна ээ. Мындан тышкары президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын же өкмөт башчынын сунушу менен мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелерди талкуулайт жана Кыргызстандын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине өзүнүн өкүлүн дайындайт.

Мыйзам долбоорунда Элдик курултай жылына бир жолу президиум тарабынан чакырылары көрсөтүлгөн. Курултайдын кезексиз жыйыны президенттин, Жогорку Кеңештин жана Элдик курултайдын делегаттарынын үчтөн биринин сунушу менен президиум тарабынан чакырылат.

Президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Президиум — бул Элдик курултайды уюштуруучу жана башкаруучу орган. Ал сөз болуп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, биринчи Элдик курултайда түзүлөт. 

Жыйынтык: Баш мыйзамда Элдик курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталары жазылган. Бирок Конституцияда президент Элдик курултайды чакырууга укуктуу экени көрсөтүлгөн эмес. Ал эми “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам али кабыл алына элек. Демек, президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы Баш мыйзамга каршы келери чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты