Президенттик шайлоого добуш берүүгө барбаган жарандардын айлык акысы эсептелбейт  

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо күнү атайын жумушчу күнгө коюлганын жана ким шайлоого барбаса айлык акысы эсептелбей турганын айтты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана президент кызматта туруп, шайлоого талапкер катары катыша алат.    

—Атайын жумушчу күнгө койдук. Добуш берүүгө келгендердин санын көбөйтөлү дедик. Андан да чоң себептердин бири – канчалык эл көп келсе, ошончулук коррупциялык схемаларга бөгөт коюлат, добуш сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөйт. Ансыз да күрөшүп жатабыз, бирок элдин көңүлү ошого бурулсун деп добуш берүүгө барууну көбөйтүүнү максат кылдык. Бул -бир. Экинчиси, белгилей кетчү нерсе, ал күнү жумушчу күн, кимде-ким шайлоого келип, добуш берсе, айлык акы кетет. А бирок добуш берүүгө барбай калса, биз эртеси эле БШКдан тизмени алабыз, анда анын айлыгы эсептелбейт. Айлыгы эсептелбесе, келечекте пенсия, пособие ж.б. эске алынбайт. Муну да баса белгилеп коюш керек, Кыргызстандын келечеги үчүн, бирден маанилүү кадамдардын бири.

Ошондой эле ушул эле конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттары, президент талапкерликке барса, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотпой, уланта берет, -деди төрага Марлен Маматалиев.

Бүгүн, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Токтом долбоорун жыйынга катышкан 86 депутат колдоду. Президенттик шайлоо 2027-жылы 27-октябрында, шаршемби күнү өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан                

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты