Президент Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөөнү күчөтүүнү тапшырды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-октябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын — 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б.ны издөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен ички иштер министрлигинин (ИИМ) кошумча күчтөрү тартылды.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Издөө ишинде дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.
Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундарын издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 27-октябрда аймакка ӨКМдин төрт куткаруучусу, ИИМден он кызматкер, жергиликтүү тургундардан издөөгө он төрт киши чыкты.
Аталган жарандар 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.
Сүрөт: ӨКМ