Президент Жапаров: «Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок»

  • 1 год мурун

Президент Жапаров Кытайга биринчи мамлекеттик сапарынын алдында Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибаого» интервью берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир тоскоол жарата турган карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок. Эки өлкөнүн ортосунда бардык деңгээлдерде тыгыз байланыш, жемиштүү өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жолго коюлган. Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат». деди Садыр Жапаров интервьюда.

Президент Садыр Жапаров 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Мамлекет башчы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат .Ошондой эле Президенттин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Сүоөт: Президент Садыр Жапаровду Кытайда тосуп алуу учуру. Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты