Президент Жапаров бир катар чет мамлекет элчилери менен сөз эркиндиги тууралуу маселени талкуулады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Кыргызстанда аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Атап айтканда, Франция Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Германия элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушуу болду.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, ошондой эле сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып бараарын, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо жана аткаруу экенин баса белгиледи.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча сөз эркиндиги жана демократия боюнча региондогу лидер бойдон калып жатканын белгилешти.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга токтолуп, эл аралык уюмдар жана журналисттер менен биргеликте Баткен облусундагы талкаланган социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышып, каргашалуу окуянын масштабына кейигендерин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелер боюнча активдүү диалогго даяр экенин баса белгиледи.

Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү 2-ноябрь — Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата кыргыз бийлигине кайрылган.

Жолугушуу эксперттердин баамында, соңку айда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү деп айтылган учурга туш келди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты