Президент Садыр Жапаровду суракка чакыруу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

27-апрель күнү президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралган.

Бул боюнча активист жана “Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылынын” мүчөсү Клара Сооронкулова “Президентти суракка чакыруу мыйзамга каршы келет” деген билдирүү жарыялаган. 

Президент Садыр Жапаровду суракка чакыруу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул мыйзамды анализдеп көрдү.

Күбө катары суракка чакыруу тартиби

Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик кодексинин 189-беренесинде күбөлөрдү жана шектүү адамдарды суракка чакыруу тартиби көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаровду суракка чакыруу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

 Ага ылайык, күбө, шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Кагазда сурак өтүүчү жер жана убактысы көрсөтүлөт. 

Президенттин кол тийбестиги жана мыйзам 

2003-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” мыйзамда өлкө башчысынын кол тийбестиги каралган. 

Мыйзамдын 3-беренесинде “Президентти ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес” деп жазылган. 

Президент Садыр Жапаровду суракка чакыруу мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Башкача айтканда, мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын президенти суракка алынуусу мүмкүн эмес. 

Жыйынтык: Кыргыз Республикасынын президентинин кол тийбестиги жөнүндөгү мыйзамдын 3-беренесине ылайык, президент Садыр Жапаровду Башкы прокуратура суракка чакыра албайт болчу. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты