Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сурак берген.
Муну бөлүшүү