Президент поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кетти

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, борбор шаардагы Бишкек-2 темир жол барды. Мамлекет башчы Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан соң Садыр Жапаров поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кетти.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев мамлекет башчыга узундугу 186 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты