Президент БРИКС жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына барат

  • 2 дня мурун

Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстандын борбору Казань шаарына БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Алдыдагы жыйында көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат, — деп белгиледи ал.

БРИКС бирикмесин 2006-жылы Brazil, Russia, India, China, South Africa — Бразилия, Россия, Индия, Китай Түштүк Африка демилгелеп, ал мамлекеттердин атынан аталган.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты