“ПолитКлиника” медиасынын кабарчысы гендердик теңчиликке багытталган сынакта 1-орунду ээледи

  • 2 года мурун
“ПолитКлиника” медиасынын кабарчысы гендердик теңчиликке багытталган сынакта 1-орунду ээледи

“ПолитКлиника” медиасынын журналисти Гулиза Урустамбек кызынын «#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” деген аталыштагы материалы Кыргызстандагы Социалдык технологиялар агенттиги жана Италиянын «Данило Дольчи» чыгармачылыкты өнүктүрүү борбору биргелешип уюштурган сынакта биринчи орунду ээледи. 

Аталган материалда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдын окуясы баяндалып, фоторепортаж аркылуу берилген.

Белгилей кетсек, сынак «ДаткаАйым — гендердик теңчиликти жаңыча алдыга жылдырабыз» аттуу долбоорунун алкагында өтүп, Европа Кеңеши каржылык колдоо көрсөткөн.
«ДаткаАйым — гендердик теңчиликти жаңыча алдыга жылдырабыз» долбоору гендердик дискриминацияны жоюу багытында мамлекеттик органдарга, маалымат каражаттарына көмөк көрсөтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты