#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Орто эсеп менен Кыргызстандагы аялдардын 83 пайызы үй-бүлөдө психологиялык, сексуалдык жана моралдык зомбулукка кабылышат. Алардын арасында билим деңгээли ар түрдүү аялдар бар. 

Биз бул жолу “Шрам” аттуу фотодолбоордо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Перинин окуясын баяндап беребиз. 

“Мектептен кеткениме сүйүнгөнмүн…”

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Пери (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) борбордон алыс эмес бир шаарда чоңойгон. 9-классты аяктаган соң колледжге окууга өтүп, бухгалтердик тармакта билим ала баштайт. 

Кичинесинен шаардын жашоосун жакындан билип чоңойгон Пери үчүн, колледждеги жашоо кадимкидей эле сезилет: 

“Бизде мектепте балдар арасында да кыздар арасында да “дедовщина” деген бар болчу. Кээде башка мектептин окуучулары менен мушташкан учурлар да кездешчү. Эмнегедир ошол учурда эле бирөөнү эч себепсиз уруп салуу мага жаман көрүнө берер эле. Ошондуктан 9-классты бүтөөр замат колледжге окуганы кетип калдым” 

Колледждеги окуусу аяктагандан кийин, Пери финансы тармагындагы окуусун университеттен улантат. Ал убакта окууну бүтүп, банкта иштейм деп ойлогон Перинин жашоосу кийинчерээк таптакыр башка нукка бурулган: 

“Университетти бүтүргөндөн кийин кесибим боюнча банкка жумушка орноштум. Үйдөгүлөрдүн баары сүйүнүп калышты. Бирок күн сайын бир жерге келип, документтерге көмүлүп иштегенден тажай бердим. Арадан эки жыл өткөндөн кийин, жумушумду таштап кесибиме таптакыр тиешеси жок тармакка өтүп кеттим…”

Перинин бул чечими өзгөчө анын үй-бүлөсүн чочулатат. “Ушунча жыл эмнеге финансыны окудуң?! Жакшынакай туруктуу ишиңде иштей берсең болмок!” деген сөздөргө карабай Пери долбоорлор менен өз алдынча иштөөнү тандап кетет. 

“Баары жомоктогудай башталды…” 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Пери долбоорлор менен иштеп жүрүп көп ийгиликтерди жаратат. Ар кандай уюмдар менен иштеп, тил үйрөнүп, өзүн ар тармактуу өнүктүрөт. Дал ушул күндөрдүн биринде ал бир жигит менен кокустан таанышып калат: 

“Ал убакта 24 жашта болчумун. Жумуш боюнча бир жерге барып аны көрүп калдым. Көздөрү ушунча көгүш эле. Сыртынан эле салабаттуу жана билимдүү адам экени билинип турду. Сылык сүйлөшүп, экөөбүздө тең жакшы сезимдер пайда болду. Кийин жумуштан сырткары да жолуга баштадык. Чынын айтсам ошол убакта баары жомоктогудай болчу” 

Убакыт өткөн сайын Пери аны дагы жакындан тааныйт. Анын чыдамсыздыгы жана бат жини келгенин байкаса да, Пери бул нерселерди көп капарына албайт: 

“Ал өзү окуусун Европадан бүтүп, адам укуктарын коргогон бир уюмда иштечү. Абдан түшүнүктүү болчу деп айта алам. Бирок кээде, майда нерселерге кызаңдап жинденип кеткенин, чыдамсыз экенин байкап калчумун. Көп учурда “Эми бүгүн маанайы ушундай экен”, “Кайра кечирим сурады го”, “Бара-бара мүнөзү оңолот” деп өзүмдү ишендирип койчумун. Бирок баары убакыт өткөндөн кийин билинет экен” . 

Көп өтпөй алар турмуш куруу чечимин кабыл алышат. Бирок тойго аз күн калганда ал чыныгы мүнөзүн даана көрсөтөт: 

“Тойго аз эле калган болчу. Бир күнү чалсам таптакыр жооп бербейт. Кабатыр болуп, кесиптешине “Жакшы эле жүрөбү?” деп сурадым. Бир убакта чалып “Сен эмне мени териштиресиң?!” деп абдан ызаланды. Мен да жаман болдум. “Анда тойду кылбай эле коелу”, — дедим. Кайра чалып кечирим сурап “Кесиптешим мага “Сенин апаң чалып сурады деп айтканына жинденип кеттим”, — деди. Жүрөгүмдө бир нерселер уйгу-туйгу боло баштады. Бирок баары даяр болуп калган үчүн, тойду бузууга кеч болуп калгандай сезилген”

12де ашкабакка айланып кеткен сыйкырдуу араба сыяктуу 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Пери чынында абдан татынакай. Көргөн адамды аргасыз суктандыра турган жылмаюусу жана сынай тиктеген көздөрү бар. Биринчи көргөн адам “Бул кыз өмүрүндө жамандык көрбөгөн болуш керек” деп ойлоп кетет. Бирок Пери дагы арабызда өз шрамдарын жашырып жүргөн миңдеген аялдын бири: 

“Тоюбуз абдан сонун болгон. Баарын өзүбүз каалагандай уюштурдук. Аз конок келсе да той сонун болгонун азыркы күнгө чейин айтып калышат. Үйлөнгөндөн кийин Европага кеттик. Баарынын көзүндө “идеалдуу түгөй” болчубуз” .

Бирок, жакшы турмушту кыялданып келген Перинин кыялдары күн өткөн сайын талкалана баштайт. 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

“Башында баары жакшы болчу. Биринчи убакта бири-бирибизди түшүнүшүп жакшы жашап жүрдүк. Ал күн сайын ишке барып келчү. Мен да англисче курска барып, китеп окуп, кызыккан нерселеримди жасап жүрдүм . Кийин уруштар чыга баштады. Урушкан убакта алгач чачымдан сүйрөп, ура баштады. Андан кийин үйдөгү буюмдарды ыргытып, ачуусун таптакыр кармай албай калган учурга жетти. Башында ишене албай жүрдүм. “Кантип эле бул нерсе менин башыма келди?”, «Эмнеге мен?», «Эмнеге мындай мамиле?” деп өзүмдү жеп жүрдүм”. 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Кийинчерээк, Пери психологиялык жана физикалык зомбулукка байма-бай кабыла баштаган. 

“Столдун кырына ыргытып жиберди…”

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Катардагы катуу уруш учурунда Перинин жолдошу кол көтөрөт. Буга чыдай албаган Пери да ага өзүндөй жооп бергенин эскерет:

“Уруштардын көбү анын кесиптештеринин айынан да чыкчу.  Алардын көзүнчө мени кагып-силкип, ороңдоп жооп бергенди адат кылды. Муну көргөн кесиптештери да, жолдошум басмырлап жатса карап турмак беле. Кээ бир аял кесиптештери сырткы келбетиме сын-пикир айтышып, “Сен өтө эле ачык кийинесиң”, “Шиш така кийбей жүрө албайсыңбы?” деп айтышчу. Анысы аз келгенсип бир жолу ошол эле кесиптеши көзүн колу менен ичкертип, “Көзүң мынча жымшык,  азиятсың да” деп дискриминация кылды. Аларга кошулуп күйөөм да шылдыңдап алганын кантейин. Ызаланып жооп берип салсам “Сен тамашаны түшүнбөйсүң” деп кайра жеричү. Ушундай уруштардын биринде уруп салды. Ал уруп жатканда мен да каршылык көргөзчүмүн, бирок баары бир күчүм жетчү эмес. Эң жаманы “Ал мени уруп жатат эмес, биз мушташып жатабыз” деп өзүмдү ишендирчү экенмин” 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Бир күнү күйөөсү Перини катуу урат. Анысы аз келгенсип бөлмөнүн ичиндеги столго ыргытып жиберет. Столдун кыры белин тилип кетип, ага өмүр бою зомбулукту эстетип жүрө турган шрам калтырат: 

“Болбогон уруштарда деле кол көтөрө баштады. Биринчисине “макул” деп чыдасаң, экинчиси сөзсүз кайталанат деген сөз чын экенине ишендим. Анткени ар уруштан кийин “Өзгөрөт, аракет кылсак өзгөрөт” деп үмүт кыла берчүмүн. Бирок адам өзгөрүүнү каалабаса же зомбулукка жакын болсо бул дээрлик мүмкүн эмес экен”. 

Пери канчалык билимдүү аял болсо да зомбулукка жол бергенин психологиялык басым менен байланыштырат: 

“Физикалык зомбулук көрсөткөн эркектер көбүнчө абдан манипулятор болушат. Алар кантип сени көндүрүп койгонун байкабай каласың. Эң алгач аямыш болуп, юмор менен сындырууга аркет кылышат. Мисалы мен “Европада университетке тапшыргым келет, англисчеден экзамен тапшырам” десем, “Университет баарын бербейт, IELTS тапшырам деп кыйналбай эле койсоңчу?” деп менин кыялдарымды сыйлачу эмес экен. Кийин “Сенин колуңан эч нерсе келбейт”, “Сен аңкоосуң!”, “Европада жашай турган жериң бар экенине сүйүн!”, “Африкалык балдарга караганда жакшыраак жашап жатпайсыңбы!” деп ар нерсени айтып басмырлай берчү. А мен бул нерсени көпкө түшүнө албай жүрүптүрмүн. Болбосо мен турмуш курганга өзүмдүн үйүмдө, жумушума барып келип, каалаган нерселеримди алып абдан жакшы жашачумун. Ал болсо мени ачкачылыктан сууруп чыккандай эле мамиле кылчу экен”. 

Пери өзү байкабай психологиялык жана физикалык зомбулукка кабыла берет. Бирок күйөөсүнүн кийинки басмырлоолору Перинин зомбулукка чыдоого болбой турганына ишендирген маанилүү кадам болот. 

“Сен уурусуң дей баштаганда түңүлдүм…” 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

Пери турмуш курганына алты айдан ашып калганда жолдошу таптакыр чектен чыга баштайт: 

“Бардык күндөрүбүз жаман эле дей албайм. Бирок уруштарыбыз көбөйгөндө ал таанылгыс боло баштады. Уруп-согууну адатка айландыргандыктан, мен да телефонго тартып жүрдүм. Бул нерсени байкап калгандыктан, кол көтөргөнү бираз азайды, бирок колуна тийген буюм менен ура берчү. Кийинчерээк мени уурулукка айыптай баштады. Саатын же капчыгын таба албай калса эле “Сен алдыңбы?” дегенин койбоду. Мындан сырткары, өзүндө эмне маселе болсо мени күнөөлөй берчү. Телефонун жумушуна унутуп калса деле, банкоматта картасы чыкпай калса деле мага кыйкырып, өкүрө берер эле. А мен болсо анын маселелерин чечүү керек деп абдан аракет кылчумун. Ошонун айынан уйкум бузулуп, кээ бир күндөрү таптакыр уктай алчу эмесмин. Дайыма стрессте жүргөн үчүн башым ооруп, жүрөгүм сайгылашып жүрдү. Эмнегедир физикалык жактан майып болуп калуудан коркчу эмесмин. Бирок психикалык ден соолук коркунучу башталганда кетүүнү чечтим”.

Перинин кабыл алган чечими туура экенин ал достору менен сүйлөшкөндөн кийин дагы түшүнгөн: 

Көп өтпөй башка шаарга, досторумдукуна бардым. Сүйлөшүп отуруп күйөөм мени “көзүң бүтүк”, “сен келгенден бери шаарда иттер азайып баштады” деп тамашалайт десем, “Бул туура эмес” деп абдан түшүндүрүштү. Кандай зомбулукка кабылып жатканымды, бул нерсе туура эмес экенин айтып беришти. Мурда эле бул мамилени токтотууну ойлонуп жүрсөм да, анализдеп көрүп ажырашып кетүү акыркы жол экенин түшүндүм”

Пери ажырашуу канчалык туура экенине ишенип турса да, үй-бүлөсү тараптан колдоо болбогонуна жүрөгү ооруйт. Күйөөсүнүн Периге кылган кылыктарын билсе да ата-энеси “чыда эми” деп айтышат. Бирок Пери зомбулукка чыдоонун акыры жаман бүтөөрүн эчак түшүнүп жеткен үчүн, эч кимге карабай өз чечимин чыгарат. 

“Мени эч ким колдогон эмес, өзүм күрөштүм”  

Перинин үй-бүлөсү билимдүү, түшүнүктүү адамдар болсо да алгач анын чечимин түшүнө алышпайт: 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

“Коронавирус пандемиясынан улам чек-аралар жабык болчу. Көпкө ойлонуп “Мен жолдошум кылган мамилеге татыктуу эмесмин” деп чечтим. Ажырашпасам ал мени сындырып, жок кыла турганын аңдадым. Ажырашам дегенде түшүнүшкөн жок. “Туугандар эмне дейт?” деген сыяктуу сөздөр да болду. Бирок чечим чыгарып койгон болчумун. Ата-энем да түшүнөт деп үмүт кылдым”. 

Ажырашуу тууралуу айтканда Перинин күйөөсү кечирим сурап, башка кайталанбай турганын убадалайт. Бирок Пери үчүн бул сөздөр эч кандай мааниге ээ болбой калган эле:

“Психологияда деле бирөө сага жаман мамиле кылып жатса “Мен ушул маилеге татыктуумунбу?” деп сураш керектиги айтылат. Мен өзүмдөн сурап “Жок!” деген чечим чыгаргам. Ажырашам дегенде күйөөм жаман болду жана кечирим сурады. Бирок мен башка андай жашоону каалаган жокмун”.  

Пери ажырашкандан кийин, мурда максат кылган бардык тилектерин орундата баштайт. Ал эле эмес, өзү сыяктуу зомбулук көргөн аялдарга да жардам берип келет. 

“Жашоомдогу чоң ката болду, бирок азыр баарын өзгөртүүдөмүн”

Айтууга оңой болгону менен ажырашып кеткенден кийин көпчүлүк адамдар көп убакытта өзүнө келет. Пери да бул жолдорду басып өткөн: 

#Шрам: “Билимдүү аялдар зомбулукка кабылбайт деп ойлочумун…” 

“Бул менин жашоомдогу эң акылсыз жана жаңылыш чечимим болгон. Турмуш курганга чейинки киреше деңгээлиме кайтып келүү үчүн бир жарым жыл короттум. Анын мага “сен эч нерсеге муктаж болбойсуң” деген сөзүнө ишенгеним үчүн абдан чоң сокку жедим. Бирок ошол мамиледен чыгып кеткениме кубанам. Азыр мени жакшы көргөн, сыйлаган жигитим бар. Бардык пикир келишпестиктерди баарлашуу жолу аркылуу чечебиз. Бирок мен ал үчүн өзүмдү курмандыкка чалбайм, ал да ошондой. Бизде өнөктөштүк бар, эгерде мамилебиз болбой жатса анда экөөбүз тең кете аларыбызды түшүнөбүз. Мен үчүн азыр эң башкысы – туруктуулук, карьера, капитал, менин жеке кыймылсыз мүлкүм. Муну ал да жакшы түшүнөт, сыйлайт. Башкача айтканда, азыр өзүмдүн  жашоомдогу максаттарыма көңүл буруп жашап жүрөм”.

“Мен шрамдарымдан уялбайм, тескерисинче, менин канчалык күчтүү экенимди эскертет” 

Пери алгач зомбулуктан калган шрамдарын көргөндө “эми өмүр бою калат” деп жаман болгон. 

Бирок азыр оюн түп тамырынан бери өзгөртүп, шрамдарын кабыл алганды да үйрөгөн: 

“Азыр денемде зордук-зомбулуктан калган шрамдарым бар. Мурда эстеген сайын жаман боло берчүмүн. Бирок азыр оюмду өзгөрттүм. Менин шраммдарым менин канчалык күчтүү экенимди өзүмө эстетип турат. Эч ким мени колдобосо, түшүнбөсө да күрөшүп жүрүп зомбулуктан чыга алдым. 

Көпчүлүк аялдар зомбулуктан чыга албай калышат. Аларга жардам бергим келет. Жасаган иштеримдин көбүндө аялдарга басым жасап жүрөм. Эң башкысы аялдар зомбулук көрүп жаткан убакта аны түшүнүүсү маанилүү. Анткени эч ким башка бирөөгө зомбулук жасоого, ал эми башкалары ага чыдоого милдеттүү эмес. Бул менин жашоодон алган чоң сабагым”.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты