Патент менен иштеген ишкерлердин 98% башка салык режимдерине өттү

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда 82 886 ишкер башка салык режимдерине өттү. Бул соода тармагында патенттик система менен иштеп келген ишкерлердин 98 пайыздан ашыгын түзөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, алардын ичинен 65 745 субъект бирдиктүү салыктын негизинде салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандаса, стратегиялык объектилерге киргизилген «Дордой» жана «Тураталы эл базарында» («Кара-Суу») иштеген 17 141 субъект өзгөчө салык режимине өтүштү.

Өлкөдө 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

«1990-жылдары киргизилген салык салуунун патенттик системасы өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликке дем берүүдө жана өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон. Ошол эле маалда ал салык төлөмдөрүн бирдей эмес бөлүштүрүү жана көмүскө экономиканын өсүшү сыяктуу бир катар терс кесепеттерге да алып келген» деп билдирди Салык кызматы.

Мекемеден соода чөйрөсүндөгү патентти жокко чыгаруу жөнүндөгү чечим салыктык башкарууну жакшыртуу, модернизациялоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, адилеттүү салык системасын жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн кабыл алынганын кошумчалашты.

Иллюстрациялык сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты