Парламент комитети «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун карады.

Мызам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова баяндама жасап мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин айтты. Ал уюмдар ачык-айкын иштеши зарылдыгын айтып, өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда алардын салымы болгон деген оюн билдирди.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши ачык-айкын эместиги, карадаты тууралуу отчет бербей келгени тууралуу сөздөрдү четке какты.

«Бүгүнкү күндө коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө 3 жолу отчёт тапшырышат. Биринчиси Салык кызматына, экинчиси Социалдык комитетке, үчүнчүсү Статистика комитетине тапшырат. Бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан таап алсаңыздар болот. Бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат», — деди Эргешбаева.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

“Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу” мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну “мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо” зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар” түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты