Ошто оор жүк ташуучу унаа 6 адамды басып калды. Арасында ымыркай да бар

  • 2 года мурун

Ошто оор жүк ташуучу унаа 6 адамды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калды. Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ тартылган. Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин ӨКМ тарабынан Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа оодарылып, адамдарды басып калган деген маалымат берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты