Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа оодарылып, адамдарды басып калды

  • 2 года мурун

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа оодарылып, адамдарды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Такталган маалымат боюнча кырсыктан 2 аял, 2 жаш бала каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). Жеринде Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу иш алып барууда, кошумча Ош шаардык №13 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары кырсык катталган жерге ИИМ, “Тез жардам” кызматы тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты