Ош шаардык мериясынын официалдуу баракчасында Таалайбек Сарыбашевди үгүттөгөн материал чыкты. Бул окуяга эски пресс-катчыны күнөөлөшүүдө (Фактчекинг) 

5-ноябрь күнү Пери Орозбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу Ош шаардык мэриясынын официалдуу баракчасынан, Оштун экс мэри Таалайбек Сарыбашевди үгүттөгөн материал бөлүшүлүп, көп өтпөй өчүрүлүп кеткени тууралуу маалыматты жарыялаган. 

Ош шаардык мериясынын официалдуу баракчасында Таалайбек Сарыбашевди үгүттөгөн материал чыкты. Бул окуяга эски пресс-катчыны күнөөлөшүүдө (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышып жаткан Ош шаарынын экс мэри Таалайбек Сарыбашовдун үгүт видеосу 4-ноябрда “Tez Kabar news” ютуб каналына жүктөлгөн. Видео, “САРЫБАШОВ эл менен жолугушууда баарын АЧЫК айтты. САЯСАТЧЫНЫ эмес ӨЛКӨНҮ ойлогула” деген аталыш менен чыгып, 50 миңге жакын адам көргөн. 

Ош шаардык мериясынын официалдуу баракчасында Таалайбек Сарыбашевди үгүттөгөн материал чыкты. Бул окуяга эски пресс-катчыны күнөөлөшүүдө (Фактчекинг) 

Ал эми видео, Ош шаардык мэриясынын Фейсбуктагы баракчасынан “Ош пресс клуб” баракчасына бөлүшүлгөн. Эки жерде тең https://www.youtube.com/watch?v=7UC9x-nBba4 ссылкасы бар экенин көрүүгө болот. 

Башкача айтканда, Ош шаардык мэриясынын Фейсбуктагы официалдуу баракчасынан бөлүшүлгөнү чындык. 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматчылар жана мамлекетке тиешелүү органдар үгүт жүргүзүүгө укуксуз. Эгер бул талап бузула турган болсо, БШК тиешелүү юридикалык баасын берет.

Ош шаардык мэриясынын  жообу

Бул видеонун жарыяланышы боюнча Ош шаардык мериясына байланышканыбызда, мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкулов видео официалдуу баракчадан бөлүшүлгөнүн ырастады:

“Ооба, мэриянын Фейсбуктагы баракчасынан бул видео бөлүшүлгөн. Бирок, буга азыр иштеп жаткандардын тиешеси жок. Видеону Ош мэриясынын басма сөз кызматтын мурдагы жетекчиси Азамат Абсаттаров жаңылышып таратып алыптыр. Себеби Абсаттаровдо азыркы убакка чейин Фейсбук баракчага доступ бар экен.”,— деп билдирди. 

Ошондой эле, Керимбек Калыкулов бул туулалуу Ош шаардык ИИБга түшүндүрмө берип чыкканын кошумчалады. 

Ал эми Азамат Абсаттаров «Клоопко» берген билдирүүсүндө бүгүнкү күнгө чейин Оштун мэриясынын баракчасына жеткилиги бар болгонун ырастаган. Ошондой эле ал үгүт материалды мэриянын баракчасынан «техникалык катадан бөлүшүп алган болушум мүмкүн» деп билдирген.

Белгилей кетсек, Азамат Абсаттаров Таалайбек Сарыбашевдин үгүт штабында иштеп жатат. 

 “Ата-Журт Кыргызстан” менен шайлоого аттанган Таалайбек Сарыбашев 

Таалайбек Сарыбашев 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен №5 тизмеде бара жатат. 

Сарыбашев 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2018-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин, 2021-жылдын 2-августунда Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, бирок көп өтпөй өз каалоосу менен кызматтан кеткен. 

Жыйынтык: Ош шаардык мэриясынын официалдуу баракчасынан экс мэр Таалайбек Сарыбашевдин үгүт материалы бөлүшүлгөнү чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты