Орусиянын Курск облусунда салгылаш уланууда

  • 1 месяц мурун

Орусиянын Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирновдун айтымында, 8-августтун таңында жети ракета жана алты дрон атып түшүрүлдү.

«Азаттыктын» маалыматына караганда, түнү менен ракеталык коркунуч тууралуу эскертүү бир нече жолу жаңырды.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институтунун билдирүүсүнө караганда, украин күчтөрү Курск облусуна 10 чакырымдай кирип барышты.

Ал эми кремлчил “Рыбарь” телеграм-каналы жазгандай, украин аскерлери Сужи районунун жарымынан көбүн ээлешти. “Два майора” телеграм-каналы “кырдаал оор” экенин, каршылаш тарап “мурда баалагандан дагы көбүрөк күч салганын” маалымдады.

Ал арада Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Вашингтон украин армиясы менен байланышып, Курск облусуна болгон чабуулдун максаты тууралуу суроону берүүнү ниеттенип жатканын билдирди. Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэттью Миллер Украина кандай операцияларды кайсы максатта жүргүзүүнү өз алдынча чечүүгө укуктуу экенин айткан.

Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна 6-августтун таңында чабуул жасалган. Ошондон бери уланууда. Айрым телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышты. Орусиянын коргоо министри украин күчтөрү 300дөй аскер, ондон көп танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлады. Президент Владимир Путин Киевди “масштабдуу чагымчылдык” үчүн айыптады. Ал эми украин бийлиги Курскиде болуп жаткан окуялар тууралуу үн ката элек.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты