Орусияда телефон аркылуу шылуундук кылууга шектелген кыргыз жараны соттолду

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Браянск облусундагы Клинцов райондук соту телефон аркылуу шылуундук кылууга айыпталган 21 жаштагы кыргызстандыкка өкүм чыгарды.

Соттун 10-июлдагы чечими менен ал «Топ адамдын алдын ала бүтүмү боюнча жаранга шылуундук менен зыян келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга жатак абагына кесилди. Азырынча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жабырлануучуларга келтирилген чыгымды толук төлөп бергени кабарланды.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны адамдардын тобу менен бүтүмгө барып, курьердин ролун аткарып жүргөн.

«Алар жабырлануучулардын ар бирине телефон чалып, жакын тууганы жол кырсыгында күнөөкөр болуп калганын, маселени чечүү үчүн акча керек экенин кабарлашкан. Мындай жол менен алар жабырлануучулардан жалпысынан 400 миң рубль алышкан» деп жазылган сот өкүмүндө.

Мындай схема боюнча иштеген телефон шылуундары күч алганын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да эскертип келет. Быйыл февралда милиция алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалганын кабарлаган. Анда топтун катарында чет өлкөнүн жарандары да бар экени, алар улгайган адамдарга телефон чалып, жакындары жол кырсыгына кабылганын айтып, курьер аркылуу акча сурашканы маалымдалган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты