Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-мартта орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдө. Бул жолу эки тараптын делегациялары бетме-бет жолугушпай, интернет аркылуу онлайн сүйлөшөт.

Украин делегациясынын мүчөсү, президенттик кеңсенин кеңешчиси Михайло Подоляк алдыда татаал сүйлөшүү күтүп жатканын, украин тарап өз талаптарын, анын ичинде ок атышууну токтотуу, аскерлерди чыгаруу жана коопсуздук кепилдигин талап кыларын билдирди.

Ал Орусия Украинанын шаарларын тынымсыз бомбалап, 19 күндөн бери зомбулук көрсөтүп жатканына карабай, сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

Подоляктын айтымында, сүйлөшүүдө курчоодо калган шаарлардагы карапайым калктын оор абалына байланыштуу гуманитардык маселелер талкууланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты