Украин бийлиги Орусия 3,5 миңден ашык аскерин жоготконун билдирди

  • 2 года мурун

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде 26-февралдын таңына карата Украинада Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын айтты. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматы жазды.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалыматына караганда, орусиялык армия 102 танк, 536 чопкутталган машине, 14 учак, сегиз тик учак, 15 замбирек, бир зениттик-ракеталык «Бук» комплексинен айрылды.

Орус тарап армиядагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты