Орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

Буга чейин аталган театрдын эмгек жамааты жетекчиси Евгений Кузнецовго карата нааразычылыгын билдирип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Алар театрдын имаратындагы жагымсыз шарттарды жана антисанитарияны белгилеп, жетекчиликти оңдоо иштерин жүргүзбөгөнү үчүн айыпташкан.

Мындан тышкары кайрылуу жолдогондор Кузнецовду театрдын юристи катары мурда директорлук кызматтан чыр-чатак менен кеткен Александр Кулинскийди дайындаганы үчүн сындашкан.

Кайрылуунун авторлору УКМКнын төрагасынан театрдын жетекчилигинде иликтөө жүргүзүүнү суранышкан эле.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты