Орус драм театрынын артисттери Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту

  • 2 года мурун

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрынын эмгек жамааты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту.

Артисттер кайрылууда театрдын директору Евгений Кузнецовго карата нааразычылыгын билдиришкен. Мындан тышкары театрдын имаратындагы жагымсыз шарттарды жана антисанитарияны белгилеп, жетекчиликти оңдоо иштерин жүргүзбөгөнү үчүн айыпташкан. Алардын айтымында, театрдын имаратындагы суу менен камсыз кылуу, жылуулук системалары жана канализациянын абалы дагы начар. Ошондой эле эмгек жамаатына транспорт каражаты бөлүнгөн эмес.

Мындан тышкары кайрылуу жолдогондор Кузнецовду театрдын юристи катары мурда директорлук кызматтан чыр-чатак менен кеткен Александр Кулинскийди дайындаганы үчүн айыпташууда.

Кайрылуунун авторлору УКМКнын төрагасынан театрдын жетекчилигинде иликтөө жүргүзүүнү суранышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты