Орозайым Нарматова УКМКга «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы боюнча сурак берип чыкканын билдирди

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары сурак берип чыкканын билдирди.

УКМК сурак тууралуу жана “Бүтүн Кыргызстанга” байланыштуу эмне иш иликтенип жатканы боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин Нарматова УКМКга чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Орозайым Нарматова 2021-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Көп өтпөй «жогорку билими жөнүндө диплому жасалма» деген негиз менен мандатынан ажыратылган.

Нарматова 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.  2023-жылы январь айында үй камагына чыгарылган. Ушул жылдын мартында Нарматовага козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты