«Бийликти басып алганга аракет кылган жокмун». Орозайым Нарматова УКМКга чакырылганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Жигиттер УКМКга чакырган экен келип калдык. Бийликти басып алганга аракет кылган жокмун бирок«, — деп жазган ал билдирүүсүндө.

Орозайым Нарматова 2021-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Көп өтпөй «жогорку билими жөнүндө диплому жасалма» деген негиз менен мандатынан ажыратылган.

Нарматова 2022-жылдын аягында Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ушул жылдын мартында Нарматовага козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты