Орозайым Нарматова сотко алып келинди

  • 1 год мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын карап жатат.

Отурум жабык өтүүдө, сот залына жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келингени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты