Опера жана балет театрынын директору үй камагына чыкты

  • 7 месяцев мурун

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Биринчи Май райондук соту аны 1-декабрда 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Истамбаев кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты