“Омикрон” аттуу фильм бар экени чын. Бирок анын коронавирустун жаңы штаммы менен байланышы жок (Фактчекинг) 

3-декабрь күнү MK.ru сайтында, социалдык тармактын колдонуучулары арасында коронавирустун жаңы штаммы Омикрон тууралуу кино бар экени айтылып, бул факт кээ бирлерин тынчсыздарып жатканы жазылган. 

“Омикрон” аттуу фильм бар экени чын. Бирок анын коронавирустун жаңы штаммы менен байланышы жок (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

11-ноябрда Ботсванада, андан бир аз кийин Түштүк Африкада жана Гонконгдо B.1.1.529 коду астында жаңы ковид-19дун штаммы табылды.

Жаңы штамм «омикрон» деп аталып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коронавирустун мурдагы түрлөрүнө караганда алда канча коркунучтуу экенин белгилеген. Мындан сырткары, жаңы штаммдын таралуу ылдамдыгы өтө жогору экени айтылды. 

“Омикрон” тасмасы 

“Омикрон” тасмасы 1963-жылы Италиялык режиссер Уго Грегоретти тарабынан тартылган. Тасманын мазмунуна ылайык башка планетанын жашоочусу адамдардын алсыз тараптарын билүү жана өзүнүн рассасын алып келүү максатында бир адамдын денесине кирет. Тасмада жер жашоого ылайыктуу планеталардын акыркыларынан экени айтылат. Ал эми кинодо вирус жөнүндө сөз болбойт. 

Жаңы штамм “Омикрон” 

Коронавирус илдети жайыла баштагандан кийин, анын бир топ түрлөрү чыкты. Алардын арасынан буга чейин Индияда чыккан “Дельта” штаммы адамды инсультка чейин алып келээри айтылып, өтө коркунучтуу экени белгиленген. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты соктоо уюму, буга чейин коронавирустун штаммдарын грек алфавити менен атоону чечкен. Ага, эч бир өлкөнү басмырлабоо жана илимий эмес чөйрөдө адашууга жол бербөө негиз болгон. Грек алфавитинде, 24 тамга болсо Covid-19дун штаммдарынын бардыгы жаңы системага ылайык, B.1.1.7 коронавирусунун «британиялык» штаммы «Альфа», биринчи жолу Түштүк Африкада табылган B.1.351 варианты «Бета», ал эми бразилиялык P.1 — «Гамма» болуп калат. «. Коронавирустун «Индия» штаммынын эки түрү — B.1.617.2 жана B.1.617.1 — тиешелүүлүгүнө жараша «Дельта» жана «Каппа» деп аталат.

Epsilon, Zeta, Eta, Theta жана Iota буга чейин каралып жаткан коронавирустун жаңы мутациялары үчүн колдонула баштаган. Бирок, бул штаммдар официалдуу далилдене элек. 

“Омикрон” аттуу фильм бар экени чын. Бирок анын коронавирустун жаңы штаммы менен байланышы жок (Фактчекинг) 

Алфавиттик катар боюнча, Африкада жаңы табылган штамм “Ню” деп атылышы керек болчу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты соктоо уюмунун түшүндүрүүсүнө ылайык, “НЮ” (жаңы) ал эми кийинки “КСИ” тамгасы адамдардын фамилияларына окшош болгандуктан адашууга жол ача турганы айтылган. 

Ошондуктан коронавирустун жаңы штаммынын “Омикрон” деп атала баштады. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда “Омикрон” жаңы штаммы аныкталган учур каттала элек. Министрлер кабинети COVID-19 вирусунун жаңы штаммы пайда болгонуна байланыштуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөргөн. ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабастан, инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн эмдөөнү тездетүү зарылдыгын айтып, башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу тез таралуу жөндөмүнө ээ экенин эскерткен. 

Жыйынтык: “Омикрон” тасмасынын коронавирустун жаңы штаммы менен мистикалык байланышы бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты