Олжобай Шакирдин соттук ишин кароо кийинкиге жылдырылды   

  • 3 месяца мурун

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин соттук ишин кароо мөөнөтү жылдырылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокаттын айтымында, бүгүн, 8-июлда, өтөөрү белгиленген сот процесси болбой калды. Анын ишин карап жаткан соттук коллегиянын бир судьясы пара алууга шектелип кармалган. Ошол себептен ишти кароо башка судьяга өткөрүлдү.    

Бүгүнкү сот отуруму Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча өтмөк.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотунун судьялары Калыбеков Улукбек  менен Абдырашитов Тилек Арстанбековичти Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана  “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып коюлгандыгын билдирген.  

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 2023-жылы 25-августта билдирген. Ал эми өткөн жылы 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин ал чечим узартылып турган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.

Сүрөттө: Олжобай Шакир сотто. 14-май 2024. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты