Олжобай Шакир УКМКга жеткирилгени айтылууда
- 11 месяцев мурун
Жазуучу жана активист Олжобай Шакир УКМКга жеткирилгени айтылууда. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
![Олжобай Шакир УКМКга жеткирилгени айтылууда](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/08/e702aa7d-522f-4312-b387-585b92c0bba6.jpeg)
21-августта Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.
Эске салсак, 17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тарады. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пасионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат.
Муну бөлүшүү