Олимпиада күндөлүгү: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль алды

  • 1 месяц мурун

11-августта кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттеште алтын медаль үчүн өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешип, андан жаңилип, күмүш медаль алды. Өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков алтын медаль алды.

9-августка караган түнү мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Ал 57 килограмм салмак ченинде болгариялык спортчу Хавьер Ибаньес Диасты 4:1 эсебинде жеңди.

Париж Олимпиадасында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстан жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалгы чыкты.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.

28 жаштагы кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.

Азыр Кыргызстандын куржунунда 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Эми Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты