Олимпиада күндөлүгү: Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августка караган түнү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарында бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Ал 57 килограмм салмак ченинде болгариялык спортчу Хавьер Ибаньес Диасты 4:1 эсебинде жеңди.

Париж Олимпиадасында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстан жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалгы чыкты.

Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халаков менен беттешет. Финалдык беттеш 11-августта өтөт.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.

28 жаштагы кыргыз мушкери бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.

Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты