Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп алды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн монгол спортчу Оркхон Пуревдорж менен беттешти. Айсулуу акыркы секунддарда төрт упайды бир алып, 6:6 упай менен жеңишти камсыздап, коло медалды жеңип алды.

9-августта Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкого 2:9 эсебинде утулуп калган.

9-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда америкалык атаандашы Кайла Колиин Кийоко Миракл менен беттешип, эсеп 6:6 болгондо Тыныбековага 4 баллдык көтөрүп чабуу жасаганы үчүн артыкчылык берилип, жарым финалга жолдомо алган.

Ушул эле күнү 9-августта, Парижде өтүп жаткан Олимпиадада күрөштүн эркин түрү боюнча таймашта Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволени 5/1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар, Айсулуу Тыныбекованын медалы менен 4 коло болду. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты