Олимпиада күндөлүгү: Айаал Лазарев 5-орунду ээледи

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта, Париждеги Олимп оюндарында Айаал Лазарев кечки финалдык блокто коло байге үчүн Таха Акгүл менен күрөшүп, андан жеңилип калды. Айаал Лазарев менен анын атаандашы Таха Акгүл спорттук карьерасын аяктады.

10-августта Париж Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, канадалык Амарвир Десини 5:0 упай менен жеңди.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты