Novotel мейманканасынан өрт чыкты
- 3 года мурун
Бишкекте Манас проспектисинде жайгашкан, жаңы ачылган Novotel отелинен өрт чыкты.
Бул тууралуу Shtraf_kg. Телеграм-каналында видео жайгаштырылды.
Айта кетсек, эртең, 5-ноябрда, ушул отелде «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт. Форумда жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланмакчы.
Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү