Ноокенде өспүрүм кызга сексуалдык аракеттерди жасоого шектүү кармалды

  • 5 часов мурун

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн М.А. аттуу  жээнине сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2023-жылдан баштап М.А сексуалдык аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, М.А.нын ата-энеси ажырашып, кызын туугандарына калтырып, өзүнчө жашашат.

Бул факты 2024-жылдын 12-октябрь күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, кылмыш- жаза кодексинин 158-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2023-жылдан баштап М.А. карата бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

2024-жылдын 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. кылмыш-жаза  96, 97-беренесинин негизинде Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми 2024-жылдын 14-октябрь күнү Ноокен райондук соту тарабынан шектүү К.Б. кармалгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, эки айга камакка алынган. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты