Ноокат: Сел суусу эс алып отурган жети кишини агызып кетти. Бешөөнүн сөөгү табылды

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн.

Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Жеринде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары,  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат.

Мындан тышкары министрдин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөөдө. Буга кошумча 100 дөн ашык куткаруучу жөнөп кетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты