Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү абактан кат жазып, адвокат прокуратурага кайрылды

  • 2 месяца мурун

Асел Ногойбаева өзүнө зомбулук көрсөтүп абакта жаткан мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов уюлдук телефондон кат жазып жаткандыгын билдирди.

Бул тууралуу Ногойбаева Instagram баракчасына мурдагы күйөөсү жазган каттарды жарыялап, айтып чыкты.

Каттарында ал “Мага көр казба…мен сага жамандык кааласам, бүгүн бара алам, чын” деп да жазган.

Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова абакта жаткан мурдагы жолдошунун каттары боюнча прокуратурага арыз жазгандыгын “Азаттыкка” билдирди.

“Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага Instagram’дан, WhatsApp’тан кат жазып абакта телефонду ачык эле колдонуп жатат. Биз бул каттарды коркутуу деп эсептейбиз. Жазасын алып түрмөгө кесилген киши абактан коркутуп жатса мамлекет эркиндиктеги адамдын укугун коргой албай атпайбы. Азамат Эстебесов түрмөдөн эркиндикте жүргөн бирөөгө телефондон тапшырма берип Асел Ногойбаеванын ден соолугуна зыян келтирип койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт” деген Саутова.

 26-январда Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2023-жылдын 20-сентябрында Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты