Next TV директору Таалай Дүйшөмбиевдин абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

  • 2 года мурун

Кечээ 29-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Дүйшөмбиевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу тууралуу сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү өтүнүч келтирген.

Март айынын башында УКМК NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди 48 саатка камакка алган. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган. 

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты