Назарбаевдин инисинин уулу коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагы ишинен бошотулду

  • 2 года мурун

Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаевдин уулу делинген Эрбол Назарбаевдин кызматтан алынганын кабарлады.

Билдирүүдө Ербол Назарбаев 2022-жылы 26-январда коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын атайын департаментинин жетекчисинин орун басары кызматынан алынганы айтылган.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 14-апрелде жумуштан толугу менен бошотулган.

Күн мурун соцтармактарда былтыр жыл соңунда полиция кызматкери айнеги караңгылатылган автонуааны токтоткону, аны «Болот Назарбаевдин тууганы» башкарып баратканы жөнүндө маалымат тараган.

Ербол Назарбаев коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин үчүнчү департаментинин жетекчисинин орун басары кызматына дайындалганы 2020-жылы ноябрда белгилүү болгон. Анда коррупцияга каршы кызмат бул боюнча комментарий берген эмес.

Январь окуяларынан кийин Нурсултан Назарбаев Коопсузук кеңешинин жетекчилигинен кеткенин, болгон бийликти азыркы президентке өткөрүп бергенин, өзү карапайым пенсионер экенин айткан. Маалыматтарга караганда, Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев 6-январда казак-кыргыз чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты