Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов кызматтан кетти

  • 2 года мурун

Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда маалымдады.

Маалыматка ылайык, Курбанов кызматтан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулган.

Ал бул кызматка 2021-жылдын 29-ноябрында дайындалган. Ага чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков өткөн жылы сентябрь айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал Нарын шаарына мэр болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты