Мыйзамдар топ-тобу менен кабыл алынган, добуш берүүгө катышышкан эмес. ЖК депутаттары каникулга чейин кандай иштешкен?

Бир канча күндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кайтып келишет. Эл өкүлдөрү кабыл алган мыйзамдар кыргызстандыктардын коомдук мамилелерин жөнгө салуу үчүн негиз болуп калууда. “ПолитКлиниканын” журналисттери парламенттин депутаттары 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын июнуна чейин мыйзам долбоорлоруна кандай добуш бергенин талдап көрүп, эл өкүлдөрүнүн көбү сунушталган долбоорлордун дээрлик бардыгын колдоорун аныктады. 

2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын июнуна чейин парламенттин жалпы жыйынында 789 добуш берүү болгон. Алардын жыйынтыктары Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Биз добуш берүүнүн жыйынтыктарын талдап чыгып, кайсы фракциянын депутататтары кандай добуш бергенин аныктадык. Белгилей кетсек, фракция деп саясий партиянын тизмеси жана бир мандаттуу округдан шайланган депутаттардын бирикмеси аталат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышындагы 86 депутат алты фракцияга жана эки депутаттык топко биригишкен. Ал эми калган төрт депутат — Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Сейид Атамбаев жана Дастан Жумабеков эч бир бирикмеге кирген эмес. 

Мындан тышкары, биз фракцияга карай депутаттар кандай добуш бергенин карап көрдүк. Анализ учурунда “макул” деп баарынан көп “Ата-Журт Кыргызстан”, “Мекенчил” жана “Ынтымак” фракцияларынын депутаттары добуш бергени белгилүү болду. Төмөндө тигил же бул фракциянын мүчөлөрү өз алдынча кандай добуш бергенин көрө аласыз.

“Макул”, “макул”, “макул”…

Эми сунушталган мыйзам жана токтом долбоорлоруна көпчүлүк учурда “макул” деп добуш берген депутаттардын тизмесин карап көрөлү. “Макул” кнопкасын көп баскан депутаттардын алдыңкы ондугун Бактыбек Сыдыков жетектейт. Ал 789 добуш берүүнүн 748инде “макул” кнопкасын баскан. Бактыбек Сыдыков “Манас” эл аралык аэропортун эки жолу жетектеп, 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышканы менен белгилүү. Мурда ишкерлик менен алектенген Сыдыков учурда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясын жетектейт. 

Белгилей кетсек, бул тизмеде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы бар.

Бул тизмедеги он депутаттын сегизөө “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, “Элдик” жана “Мекенчил” депутаттык топторунан бирден депутат бар. “Ата-Журт  Кыргызстан” жана “Мекенчил” депутаттык бирикмелерин айрым саясатчылар бийликчил деп атап келет. Ал эми тизменин 8-катарында турган депутат Фархат Исмаилов өткөн жылы президент Садыр Жапаровду күнгө теңеп, оппозиционерлерди ага таш ыргытпоого чакырганы менен эсте калган. Ошондой эле ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге болушуп, кесиптеши Өмүрбек Бакирова менен мушташа кете жаздаган. Бирок бир канча убакыттан кийин Фархат Исмаилов жана дагы бир депутат Фарходжан Алимбеков жасалма диплом чырына байланыштуу мандаттарынан ажырашты.

Эч бир фракцияга кирбегендер эң көп “каршы” добуш беришкен

Ал эми сунушталган мыйзам долбоорлоруна жана актыларга көпчүлүк учурда каршы добуш бергендердин тизмесинин сап башында депутат Дастан Бекешев турат. Ал сунушталган долбоорлордун тогуз пайызына каршы добуш берген. Бекешев өткөн чакырылышта дагы эң көп “каршы” добуш берген депутат болгон. Каршы добуш бергендердин ондугуна жалпысынан бир мандаттуу округдан шайланып келип, эч бир фракцияга кирбегендер, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Альянс” фракциясынын депутаттары кирди

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добушка коюлган демилгелердин көбү бир дагы “каршы” добуш алган эмес. Мисалы, өткөн жылдын сентябрынан быйыл июндун аягына чейин жалпы 789 добуш берүү болгон болсо, алардын үчтөн экисинде бир дагы депутат “каршы” кнопкасын баскан эмес.

Бирок кайсы бир мыйзам долбооруна депуттардын көбү каршы чыккан учурлар дагы болду. Буга талаш-тартыш менен кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору мисал боло алат. Долбоордун демилгечилери ЖМКга Маданият министрлигине келген арызды кароого үч күн берүүнү жана арызды басылманын өкүлү менен бирге кароону сунушташкан. Бирок 31-майдагы добуш берүүдө 56 депутат мындай түзөтүүлөргө каршы чыккан. Бул парламенттин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүндө депуттардын жарымынан көбү каршы добуш берген үч демилгенин бири. 

Жыйындарга келбеген же добуш берүүгө катышпаган депутаттар

Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүчү пленардык жыйындар жумасына эки жолу, шаршемби жана бейшемби күндөрү гана өткөрүлөт. Бирок биздин изилдөө көрсөткөндөй, 90 депутаттын баары бул бир жумада эки жолу гана болчу жыйынга жана добуш берүүгө катыша беришпейт. 

Бул жерде белгилей кете турган нерсе — Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутат каттоодон өтүп, жыйынга келип, бирок добуш берүү учурунда залда жок болсо же добуш бербесе, ал күнү “келген жок” деп эсептелет. 

Алсак, өткөн жылдын 15-ноябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу боюнча келишимдерди карап жатканда добуш берүү алдында төрт депутат протест иретинде добуш берүүгө катышуудан баш тартып, жыйындан чыгып кетишкен. Ошондой эле отурумдун башында депутат Эрулан Кокулов дагы залдан чыгып кеткен болчу. Мындай учурларда депутаттар жыйынга “келген жок” деп эсептелет. 

Мындан улам биз кайсы депутаттар добуш берүүлөргө аз катышарын карап чыктык. 

Каникул алдында мыйзамдар топ-тобу менен кабыл алынат

29-июнда VII чакырылыштын депутаттары экинчи сессиясынын ишин аяктап, каникулга чыгышты. Эл өкүлдөрү дал ушул күнү 52 (!) мыйзам жана токтом долбоорлорун карап, добуш беришкен. Айрым демилгелер ушул эле күнү үч окуудан тең өткөн, жыйынтыгында жалпы 66 добуш берүү болгон.  

Жогорку Кеңештин Ютуб-каналындагы түз алып берүүгө ылайык, 29-июндагы жыйын жалпы 5 саат 9 мүнөткө созулган. Эгер бул убакытты жалаң гана күн тартибине коюлган демилгелерди талкуулоого жана добуш берүүгө жумшашкан деп эсептей турган болсок деле ар бир документти карап, добуш берүүгө орточо 6 мүнөткө жакын убакыт бөлүнгөн болот. Бирок бул күнү документтердин көбү экинчи жана үчүнчү окууда каралып жатат деген негизде талкуусуз өткөн.

Айрым эл өкүлдөрү топ-тобу менен добуш берүүгө коюлган долбоорлордун кээ бирин окуп жетишпей калышарын моюндарына алышкан. Депутат Шарапаткан Мажитова “Азаттыкка” парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу комментарий берип жатып, көп мыйзам долбоорлорун окуганга үлгүрбөй өткөрүп жиберген учурлар болгонун айткан:

Кээ бир мыйзам долбоорлорун жакшы талкуулабай, дыкат карабай өткөрүп жиберген учурлар болуп атты. Аны өзүбүз деле сезебиз. Көп мыйзам долбоорлорун окуганга үлгүрбөй өткөрүп жиберген да окуялар болду. Кемчиликсиз иш болбойт. Биз президент менен Министрлер кабинетинин стратегиялык багытын колдоп, мамлекет өнүгүшү үчүн чечимдерди кабыл алып бердик деп ойлойм”.

“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков мыйзам кабыл алынганына караганда анын аткарылышы маанилүү экенин белгилеп, парламент документтерди кабыл алууда сандан сапатка өтүшү керек экенин билдирген.

Кандай болбосун өлкөдө мыйзам чыгаруу ишин аткарып жатабыз. Бирок биз санга эмес, сапатка көңүл бурсак болот эле. Анткени абдан көп мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Күнүгө 50 беттен көркөм китеп окуш деле кыйын. Парламентке болсо колго батпай турган кагаздар келет. Ар кандай чечимдер, ар бир органдын сунушу болот. Ошонун баарын карап чыгып иштөө кыйын. Бирок ошол ыргакка түшүп иштеп атабыз. Баары бир сапатка маани бериш керек. Себеби, мыйзамды кабыл алынгандан да анын аткарылышы маанилүү”, — деген депутат.

А сиз Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын ишмердүүлүгү тууралуу кандай ойдосуз?


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова, Эркайым Асанканова

Иллюстрация: Дарья Удалова Kloop.kg үчүн

«Бул материал Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын редакторлору — Савия Хасанова жана Александр Богачев. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты