Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акталды

  • 1 год мурун

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарганын билдирди. Ошону менен катар эле соттун чечими менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиргендей, Мээрим Тилекова күнөөсүз деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Эске салсак, Мээрим Тилекова былтыр 17-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген. Кийин ал үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты