Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта Каракол шаардык сотунун токтому менен Тилекованын камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Мээрим Тилекова 17-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Кылмыш ишин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

Буга чейин адвокаттын Тилекованы үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчү сотто четке кагылып келген.

Бейшеналиевге коррупцияга байланыштуу бир нече айып тагылган. Ал да камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты