Мурдагы депутаттар, юристтер жана коррупцияга шектелгендер. Биринчи май районунан кайра шайлоого кимдер бара жатат?

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорундагы кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, Биринчи май району боюнча бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына жалпы 27 талапкер катталды. 

Белгилей кетсек, буга чейин аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо белгиленген. 

“ПолитКлиника” медиасы кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлерди анализдеп көрдү. 

Бир мандат үчүн ат салышкан 27 талапкер 

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан жалпы 27 талапкер катталган. 

  1. Гапаров Адылбек Абдикаримович- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КММА) аппаратынын экс-жетекчиси Абдикарим Гапаровдун уулу. Абдикарим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып жатканда жүрөгү кармап каза болгон. Гапаров КММАнын аппаратын 2009-жылдын январынан бери алты жылдан бир аз ашык убакыт башкарган. УКМКнын маалыматы боюнча, Гапаров 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган, бирок кармоо учурунда ал ооруп, эс-учун жоготкон. Гапаровдун өлүмү боюнча УКМКнын үч кызматкери – улук тергөөчү Замирбек Суваналиев жана эки тергөөчү Алмаз Мусаев менен Чыңгыз Айманбаев соттолуп, бирок сот аларды актаган. Адыл Гапаров атасынын паракор экенине эч кандай далил жок экенин айткан. 
  1. Табылды Акеров — тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Кыргызстандагы болуп жаткан саясий окуяларга көз салып, анализдеп турат. 
  1. Савин Виктор Евгеньевич— Экономика илимдеринин кандидаты, профессор. Бишкек мамлекеттик университетинде (БГУ)  жана Кыргыз-Россия Славян (КРСУ) университетинде экономика багыты боюнча сабак берет. 
  1. Ремнев Роман Павлович- укук коргоочу жана юрист. Буга чейин “Кыргызстан жашылдар партиясы” менен парламенттик шайлоого катышкан. Мындан сырткары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо да ат салышкан. 
  1. Тилектешов Улукбек Тилектешович- Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун кеңешчиси болгон. Андан кийин 2021-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын жетектеп Бишкек шаардык кеңеши боюнча шайлоого катышкан. Юстиция министрлигинин базасында Улукбек Тилектешов “Новостройка” коомдук бирикмесинин башчысы экени жазылган. 
  1. Искендеров Эльман Хыдырович- жөнүндө интернет тармагында дээрлик маалымат жок. буга чейин да саясий активдүүлүгүн көргөзгөн эмес. 
  1. Тагайбек Султан— бул талапкер жөнүндө да интернет тармагында маалымат табуу кыйын. 
  1. Токтокожоев Таалайбек Самудинович- “Темир тулпар” коомдук бирикмесинин директору. 
  1. Нурдинов Бейшеналы- “Кыргызстан” фракциясы менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон. 
Мурдагы депутаттар, юристтер жана коррупцияга шектелгендер. Биринчи май районунан кайра шайлоого кимдер бара жатат?

Ал депутат болуп турганда Кыргызстандагы көмүр маселесин жана Афганистандан качкан кыргыздарга баш паанек берүү сыяктуу мселелерди көтөргөн. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого СДПК партиясы менен катышкан. 

  1. Тотонов Нурбек Темирбекович- “Республика Ата-Журт” фракциясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 
Мурдагы депутаттар, юристтер жана коррупцияга шектелгендер. Биринчи май районунан кайра шайлоого кимдер бара жатат?
  1. Сариев Акылбек Аблабекович- Борбордук шайлоо комиссиясынын экс мүчөсү. Ал буга чейин № 33 бир мандаттуу Нарын шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп расмий катталып, бирок жетиштүү упай топтой алган эмес. 
  1.  Акылбеков Русланбек Акылбекович- Мурдагы Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри. Бул кызматта 2021-жылдын сентябрь айына чейин иштеп, бир жылга жетпеген убакытка бул кызматты аркалаган. Буга чейин 28-ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо Биринчи Май райондук округу боюнча шайлоого катышып, бирок “баарына каршы” деген пункт жогору болгондуктан өтпөй калган. 
  1. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович- кесиби боюнча жеке адвокат. 
  1. Сартаев Анвар Айдарович- пенсионер. Ал “Каравай Асаналиев атындагы Аскердик акыйкатчы институту” коомдук бирикмесинин төрагасы. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник. Буга чейин президенттике да ат салышкан. 
  1. Жуков Виталий Юрьевич- жеке ишкер. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык ал «Ак-Буура» Авто Гараж Курулушту-Эксплуатациялоо коммерциялык эмес кооперативинин директору болуп саналат. 
  1. Абдыразакова Айжан Улановна- кесиби боюнча журналист жана медиа аналитик. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “ «Раян Билдинг» курулуш компаниясынын директору болуп саналат. 
  1. Ибраймакунов Данияр Омурбекович — 2012-2016-жылдары “Замандаш” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп иштеген. Мындан сырткары, 2016-жылдан 2018-жылга чейин “Замандаш” партиясынын тең төрагасы болгон. Данияр Ибраймакунов бир катар мамлекеттик жана жеке структураларда да ар кандай маанилүү кызматтарды ээлеген. 
  1.  Мусаев Тахир Насырович- 2018-жылдан  2019-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаевдин жардамчысы болгон.
  1.   Давлянов Дамирбек ТайырбековичИчки иштер министрлигинин мурдагы кызматкери. Ишмердүүлүгүн 2007-жылы Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн баштаган. Ушул эле тармакта бир канча жетекчилик кызматты аркалап жүрүп,  2018-жылы ИИМдин запастагы курамына жөнөтүлгөн. Давлянов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого “Эл Үмүтү” социал-саясий партиясынан аттанып жатат. Ал талапкерлердин тизмесинде 5-катарда орун алган.Буга чейин бир катар ЖМКларда Дамирбек Давляновдун пара алууга шектелип кармалганы тууралуу маалыматтар чыккан. 
  1. Нурматов Темирбек Асанович- Юридика илимдеринин кандидаты, доцент. Кыргыз-Россия Славян университетинде мугалим болуп иштейт. 
  1. Абдыкадыр уулу Бектур— “Алло такси” уюмунун директору.Керек KG, Чи Бо Трейд, Айыл Ынтымак Кеңбил уюмдарынын жетекчиси.
  1. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич- бизнесмен, “Замандаш” саясий партиясынын мүчөсү болгон. 
  1.  Капаров Чынгыз Капарович— депутаттын жардамчысы болуп, 2020-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. Өткөн шайлоодо мечиттердин жана мектептердин жанында үгүт иштерин жүргүзгөнү үчүн Чынгыз Капаровго  БШК тарабынан 7,5 миң сом айып салынган.
  1.  Мамбетсадыков Азамат Нурбекович- кесиби боюнча юрист. Мындан сырткары Патенттик ведомствонун начальниги болуп иштейт.
  1. Кермалиев Таалайбек Женишович—  “Арпа-Бишкек” ишканасынын директору. Буга чейин Социал-демократтар партиясынан ат салышкан.
  1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна- Мурдагы вице-премьер-министр жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты. 2020-жылы оппозициялык “Ата Мекен” саясий партиясы менен шайлоого катышкан.
Мурдагы депутаттар, юристтер жана коррупцияга шектелгендер. Биринчи май районунан кайра шайлоого кимдер бара жатат?

Сурабалдиева 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча аянтка чыккан митингчилердин арасында болгон. Андан соң өлкөдө саясий кризистин натыйжасында бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаров Сурабалдиеваны социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке дайындаган. Кийинчерээк Эльвира Сурабалдиева бул кызматтан өз арызы менен бошотулганын айтып, кызматтан кеткен. 2021-жылы 28-ноябрда өткөрүлгөн шайлоого катышкан эмес. 

  1. Токтакунов Нурбек Акбарович-белгилүү укук коргоочу жана адвокат. Ал 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектин Биринчи Май районунан бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан.
Мурдагы депутаттар, юристтер жана коррупцияга шектелгендер. Биринчи май районунан кайра шайлоого кимдер бара жатат?

Мындан сырткары Нурбек Токтакунов коомчулукта резонанс жараткан Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча сотко адвокат катары катышып, “Кыргызстанда бир адамдын өлүмү автоунаанын бампери менен барабар” деген сындуу курч сөздөрдү айткан. 

Белгилей кетсек, жаңы мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90ду түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты