Мирлан Жээнчороев акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты

  • 1 год мурун

Мирлан Жээнчороев акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын лидери Жанарбек Акаев тастыктады.

«Биз үч фракция биригип Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин сунуштаганбыз. Бирок ал өзү партиялык ишмердүүлүк боюнча жана башка пландарым бар деп акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты», — дейт Акаев.

Эске салсак, Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу сунуштаган.

3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдгон.  Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты