Мирбек Мамбеталиев маданият министри болуп дайындалды
- 1 год мурун
Мирбек Мамбеталиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
26-февралда Жогорку Кеңеш аталган министр кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин дайындоого макулдук берди
Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы дайындалып жаткан жетекчи менеджер катары тармактагы саясатты жүргүзүп, уюштуруу иштери менен алектениши керектигин баса белгиледи:
“Министрликте адистер жана чыгармачылык топтор жетиштүү. Ошолор ишти кылат. Ал эми министрдин милдети ишти уюштуруу жана саясатты жүргүзүү” деди төрага.
Депутат Надира Нарматова талапкердин өмүр баянына караганда, ал 28 жолу кызмат которгонун, бул тармакта бир да күн иштеген эмес экенин билдирди.
Сүрөт: kenesh.kg




