Министр Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген божомол дагы каралып жатканын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча эки версия каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча диверсия болгон деген божомол дагы каралып жатат. 

«Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз”, — деди министр Ажикеев.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, аталган аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев учурда кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатканын жана авариянын кесепетин жоюп, жылуулукту толук берүүгө беш күндөн жети күнгө чейин убакыт керектелерин билдирди.

Ага чейин энергетика министринин орун басары Насипбек кырсык ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты